​Жетекчи алмашты

21-Дек. 2017, Бейшемби, 12:07

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев отставкага кетти. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Зилалиев бомба тууралуу жалган маалымат анын аброюна шек келтирген. Ошондуктан бул окуя териштирилип бүткөнчө убактылуу кызматтан четтөө боюнча арыз берген.

Анын ордуна Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын милдетин аталган фонддун төрагасынын орун басары Бакыт Мураталиев аткарат.

Эскерте кетсек, Дүйшөнбек Зилалиев Мамлекеттик мүлк фондунун төрагалыгына 2017-жылдын 23-ноябрында дайындалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!