25 жыл мурда тоңдурулган уруктан балалуу болду

21-Дек. 2017, Бейшемби, 12:18

АКШнын Теннеси штатында жашаган 26 жаштагы аял 25 жыл мурда тоңдурулган эмбриондон боюна бүтүп, кыз төрөдү.

Тина Гибсон аттуу аял 25-ноябрда 1992-жылы төрөлгөн. Ал эми урук 1992-жылы 14-ноябрда тоңдурулган.

Гибсон Улуттук Эмбрион борборунан алган урук өзү менен тең экенин укканда таң калган. Кызына Эмма деген ысым ыйгарган эне “Мен 25 жаштамын. Бул урук экөөбүз жакшы дос болмок экенбиз”,-деген.

Рекорд койду

Эмма энесинин ичине жакшы өрчүп, ийгиликтүү төрөлгөнү жагынан рекорд койду. Төрөттөн кийин 26 жашка чыккан Тина Гибсон “Мен төрөгүм келди. Дүйнө рекорду болгон болбогону маанилүү эмес”,-деди.

Тина жана жолдошу Бенжамин балалуу болгон улуттук Эмбрион борборунда 700 кош бойлуулук ийгиликтүү ишке ашкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!