Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында XXIII кышкы Олимпиада оюндарынын 11 - күнүндө Норвегия алдыда келатат. Алардын куржунунда жалпы 29 медалы бар(11 алтын, 10 күмүш жана 8 коло). Экинчи орунда Германия – алардын куржунунда 23 медалы бар( 11 алтын, 7 күмүш, 5 коло). Ал эми үчүнчү орунда Канада – алар 19 медал алышты(8 алтын,5 күмүш, 6 коло) Ал эми орусиянын улуттук командасы медалдык зачетто 20 орунда турат. Алардын куржунунда 11 медал бар( 3 күмүш, 8 коло). Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында XXIII кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 7 түрү боюнча 102 медал ойнотулууда.
XXIII кышкы Олимпиада оюндарынын 11 күнүндөгү медалдардын жалпы зачету төмөндөгүдөй:
(алтын- күмүш- коло) (жалпы).
1 Норвегия 11 10 8 29
2 Германия 11 7 5 23
3 Канада 8 5 6 19
4 Нидерланды 6 5 3 14
5 Франция 5 4 4 13
6 АКШ 5 3 4 12
7 Швеция 4 3 0 7
8 Австрия 4 2 4 10
9 Түштүк Корея 4 2 2 8
10 Япония 2 5 3 10
11 Швейцария 2 4 1 7
12 Италия 2 2 4 8
13 Чехия 1 2 3 6
14 Словакия 1 2 0 3
15 Беларуссия 1 1 0 2
16 Великобритания 1 0 3 4
17 Польша 1 0 1 2
18 Украина 1 0 0 1
19 Кытай 0 5 2 7
20 Орусиянын олимпиадалык атлеттери 0 3 8 11
21 Австралия 0 2 1 3