Эркектер жарына эмнеге кол көтөрүшөт?

Эркектер жарына эмнеге кол көтөрүшөт?
19-Янв. 2018, Жума, 12:16

Азыркы учурда үй-бүлөдөгү уруш-талаштын башы кол көтөрүүдөн башталып жатат. Бул маселе азыркы заманда социалогия жана психология илиминде өзөктүү темалардын бирине айланды. Үй-бүлөдөгу уруштун чыгышы эмнеден келип чыгат? Сизге эмне үчүн кол көтөрөт? Сиздер эмне үчүн ар дайым майда-чүйдө дүнүйө үчүн уруш чыгарып, анын акыры эки жээке алып барып, ажыратат.

Үй-бүлөнүн ынтымагын бузган уруш-талаштарды чечүү үчүн төмөндөгү кеңештерге көңүл бөлүңүз.

Кол көтөрүүнүн негизги кесепети:

  • 1. Каржы маселесинен келип чыгат

Үй-бүлө болуп үйлөнгөндөн кийин, каржы маселеси кайда болбосун чогу жүрөт. Ошол көйгөйдүн айынан үй-бүлөнүн ынтымагын бузуп гана койбой, кол көтөрүүгө чейин алып барат. Айлык акыны ар дайым сарамжал кармоого үйрөнүңүз, керектүүгө гана жумшаңыз.

Экөөңөр тең жумуш иштеген болсоңуздар, менин айлыгым көп, сеники аз деп талашууну коюңуздар.

Эгерде болгон кыйынчылыктарды бирге жеңбесеңиздер, эмне үчүн үйлөндүңүздөр? Чын сүйүп үйлөнгөн жандар кандай гана маселе болбосун бирге чечишет.

Күйөөңүз акчаны үнөмдөп карма десе, анын айтканын аткарыңыз.

  • 2. Кызганычтан улам жаралган уруштар

Сиз өзүңүздү кызгандырбаш үчүн, кулк-мүнөзүңүздү жакшы жакка өзгөртүңүз.

Кечки тойлорго же жыйындарга барганда, өтө ачык кийинбеңиз. Ошол эле кийим үчүн канча ызы-чуу чыгат.

Социалдык тармакта көп отурбаңыз, жөнөкөй гана уюлдук телефонду жарым саат бою күйөөңүздүн алдында карап отурсаңыз, албетте күйөөңүз кызганып уруш чыгарат.

Кызгандырам деп аягында бармагын тиштеп отуруп калгандар да бар. Каттуу кызганчаак болсоңуз, күйөөңүздү өзүңүзгө гана кызыккандай кылып сулуу болуп жүрүңүз.

3. Ушактан чыккан уруштар

Болбогон нерсеге эле таарынышып калуу. Себебин билбесеңиз эмнеге таарынасыз.

Таарынган болсоңуз унчукпаңыз.

Кулакка каттуу тийген сөздөн качыңыз.

Күйөөңүзгө эмне болсо, ошону айтып башын оорутпаңыз.

Балдарыңыздын көзүнчө урушпаңыздар.

Жакшы үй-бүлө – кемчиликсиз үй-бүлө эмес, кемчиликтерин дал убактысында оңдогон үй-бүлө. Башкысы ортодогу сүйүү сезимдериңиз жеңиши керек.

4. Ичкиликтен чыккан уруштар

Эгер күйөөңүз каттуу ичсе, атайы адистерге көрсөтүңүз.

Сизге мас кезинде биринчи ирет кол көтөрсө, эч кимге айтпай, чыдаңыз. Экинчи ирет дал ушундай кайталанса, өзүңүздү, андан соң балаңызды ойлоңуз. Сиз ошондо күйөөңүзгө таяк жеш үчүн тийдиңизби же өмүр бою жалгыз калам деп ойлойсузбу?

Өзүңүздү ойлобосоңуз, сизди эч ким ойлобойт. Ичкиликке кирип кеткен адамдын ойлонуу системасы да, психологиясы да башкача болот. Аны көрүп өскөн балдарыңыз кийин ыйлак, туюк, жашоого деген таарынычы көбөйөт.

Сиз ошондо ичкиликке берилген атасы менен балдарыңызды ойлоп бирге тура алам деп ойлойсузбу? Бул туура эмес. Кайра сиз балаңызга туура тарбия берүүнү ойлоңуз.

Өзүңүздү сыйлабасаңыз, урматтабасаңыз, сизди эч ким сыйлабайт.

Сиздин да жашоодо бактылуу болууга укугуңуз бар.

Ошентсе да сиздин үй-бүлөңүздү бузуп, баланы атасыз өстүр деген кеңеш эмес бул. Белгилүү бир чечим чыгаруу үчүн, аны жакшылап өлчөп, анан бычыңыз. Ошол себептен ичкиликке болгон каалоосун койдуруп, жакшынакай үй-бүлө болуп жашап жаткандар да бар. Бойду да, ойду да түздөп алдыга карай умтулуу ар бирибиздин колубузда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!