Барак Обама коштошту
AКШнын президенти Барак Обама Чикаго шаарындагы коштошуу сөзүн айтты. Анда сегиз жылдык мөөнөттө экономика баштаган бир топ тармакта ийгиликтүү иш алып барганын айтты. Президенттик кызматка келгенден бери аткарган иштерине токтолуу менен Америка элин үмүттүү жана сезимтал болууга чакырды.
Сөзүнүн басымдуу бөлүгүн Америка коомчулугу андан эмне күткөнүн, 8 жыл ичинде ага кандай жооп болгонун тизмектеген Барак Обама Дональд Трампка президенттик кызматын көйгөйсүз өткөрүп берерин кошумчалады.
“Obamacare" деген аталыштагы саламаттыкты сактоого багытталган реформадан баштап экономикадагы 2008-жылдагы каржылык кризис сыяктуу АКШ калкынын жашоосуна жакын темаларга токтолгон Обама 8 жылда өлксөндө жакшы иштерди аткарганын билдирди.
"Эгерде кийинки президенттин мезгилинде жакшы альтернативалар болсо аны да колдойм”,-деди ал.
Демократияга токтолуу менен АКШда расалар ортосундагы толлерантуулук мурдагыга караганда анын мезгилинде жакшыргандыгын айтты. Ал эми сөзүнүн тышкы саясатка байланкан бөлүмүндө дүйнөдө көп талкууланган, өз мөөнөтүндө сынга кабылган Сириядагы ички жаңжал же Ортоңку Чыгыштагы көйгөйлөрдү кеп кылган жок.
Экстремизм менен күрөш уланарын айтып, "ДАЕШ бейкүнөө адамдарды өлтүрүүгө аракет кылат. Бирок Конституциябызга, мыйзамдарыбызга чыккынчылык кылбасак Американы жеңе алышпайт”,-деди.
Президент болуп турганда террорчулук менен күрөштө мыйзамдын негизинде иш жүргүзүүгө аракет кылганын баса белгилеген Обама "Бул боюнча зомбулуктарды жойдук. Гуантанамо абагын жабууга аракет кылдык. Америкалык мусулмандарды бөлүп жарууга каршы чыктык. Демократия жана мыйзамдарды сактап, тышкы коркунучтардан этият болушуп, өз баалуулуктарыбызды жоготпошубуз керек",-деди.
Россия жана Кытай сыяктуу атаандаштары бар экенин айткан Обама өз баалуулуктары сакталып турганда ушул үстөмдүгү сакталып каларын айтты.
Кызматына келгенде тышкы саясатта бир топ көйгөйлөргө кабылганы эске салуу менен Куба, Иран жана Усама бен Ладен сыяктуу темаларда ийгиликтүү иш алып барганын кошумчалады.
"8 жыл мурда сиздерге Куба менен жаңы мамиле башталарын, ок чыгарбастан Ирандын өзөктүк программасын аяктатуу, 11-сентябрды пландагандарды жок кыларымы айтсам бул оңой иш эмес демексиздер. Бирок биз мына ушуларды жасадык",-деди ал.
Сөзүнүн акырында Барак Обама үй-бүлөөсү жана вице президент Жое Байден жубайы болуп сахнада кол булгашты.
Мээрим Искакова