Балык баа жеткис тамакка айланат
Дүйнөлүк Жапайы жаратылышты коргоо фонду (WWF) европалыктар тамак-ашында балыкты аз колдонбосо Түштүк жарым шарындагы жакыр өлкөлөргө 2050-жылы балык табылгыс тамакка айланарын эскертти.
Статистикалык маалыматтарга ылайык европалыктардын өз сууларынан алынган балыгы жылдын жарымын жетет. Калган муктаждыгын жакыр мамлекеттерден импорт жолу менен толуктайт. WWFнын билдирүүсүндө бул көрүнүш келечекте олуттуу көйгөйлөргө алып келери жазылган. Аталган фонд Kиль университети жүргүзгөн "Балык улоо ыкмасы жана адилет таратуу” аттуу изилдөөнүн жыйынтыгын коомчулукка жарыялаган. Анда германиялык Каролина Шахттын “бай европалыктар жергиликтүү балыкты тандашы керек” деген сөзү бар. Ошондой эле көп керектесе Түштүк жарым шарындагы өлкөлөр 2050-жылы балыкты “негизги азык” катары жей албай калары белгиленген.
Суроо-талаптын тең салмаксыздыгы
Билдирүүдө учурда дүйнө жүзүндө жылына 100 миллион тоннадай балык алынса, келерки 30 жылда 137 миллион тоннага жогорулай тургандыгы болжолдон. Ошондой эле бул көрсөткүчтүн ири бөлүгү бай мамлекеттин жашоочуларынын дасторконунда болору жазылган. Суроо талап бири-бирине жооп бере албаган учурда өнүккөн мамлекеттер кымбат бааны төлөөгө даяр болгону аз өнүккөн өлкөнүн миллиондогон тургундарына таасир этери белгиленген. Андан тышкары билдирүүдө балыктын бай жана жакыр мамлекеттердин ортосунда адилетсиз бөлүнгөнү ачкачылык алып келери эскертилген. Азыктарыны ири өлчөмүн деңиз азыктарынан алган Сенегал, Алжир, Гана, Индонезия, Малайзия, Бангладеш жана Мьянма мамлекеттери кыйынчылыктарга кабылуу коркунучунда.
Жапайы жаратылышты коргоо уюму билдирүүсүндө көйгөйдү чечүү жолдорун сунуштаган. Анда көзөмөлдүү түрдө балык улоо, суу жандыктарынын түрлөрүн коргоо, адилет бөлүштүрүү жолго коюлса 2050-жылы дүйнө жүзүндө киши башына 12 килограммдан балык тийери жазылган.
Мээрим Искакова