Трамп хакердик чабуулду биринчи жолу кабылдады
АКШнын президенти Дональд Трамп шаршембиде алгачкы расмий маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ал Россия ага компрамат даярдап жатканы тууралуу АКШнын атайын кызматы жарыялаган билдирүүнү жазган маалымат каражаттарын сынга алды.
"Атайын кызматтын жыйынтыгында калп жана такталбагандыгы анык болгон маалыматты чыгарганы уят деп ойлойм",-деди Трамп.
Шейшембиде америкалык эки аткаминер өткөн аптада АКШнын төрт атайын кызматы Дональд Трампка жашыруун документтер тууралуу билдирген. Анда россиялык чалгын кызматы жаңы шайланган президентке компрамат даярдап жатканы айтылган.
Бул документтердин топтомун "жалган жана жасалма маалымат” деген Трамп "Менимче бул уят жана улутчул Германияда гана болушу мүмкүн болгон иш”,-деди.
Дональд Трамп алгач Улуттук демократиялык партиянын комитетинин жана лидерлеринин электрондук кутучаларына 2016-жылдагы президенттик жарыш учурунда Россия хакердик кол салышы мүмкүндүгүн кабылдады. Бирок ошондо да Москва менен мамилени жакшыртуу тууралуу оюнан кайткан жок. Жаңы президент анда Россиянын президенти Владимир Путиндин симпатиясы жүк эмес, тескерисинче артыкчылык экенин айтты.
"Эгерде Путинге Трамп жакса бул артыкчылык болуп эсептелет", -деген Трамп Россиянын лидери менен тил табыша аларын билбесин бирок, үмүтү бар экенин кошумчалады.
АКШнын жаңы өлкө башчысы маалымат жыйынында АКШ Россиянын эле эле эмес көптөгөн тараптардын кибердик чабуулдарына кабылып жатканын, Республикачыл партиянын Улуттук комитетине да хакердик аракеттер болгонун билдирди.
Мээрим Искакова