Эксперттер Ту-154 учагы теракттан кыйрабаганын аныктады
Техникалык жарылуулар боюнча экспертиза Кара деңизден чыгарылган Ту-154 учагынын калдыктарын изилдеди. Терактын издерин таба албаган эксперттер экипаждын катасы боюнча божомолго басым жасоо керектигин белгиледи.
Буга чейин өлкөнүн Транспорт министри Максим Соколов кырсыкка теракттын катышыгы негизги версия эместигин, ал эми Федералдык коопсуздук кызматы Ту-154түн бортунан террордук кол салуунун белгилери байкалбаганын билдирген.
"Эксперттер криминалдык жарылууларды жана ракета тарабынан келтирилген зыяндын издерин тапкан жок деп жазган москвалык “Коммерсант” гезити.
Бул божомол такталганына карабастан аскердик тергөөчүлөр биринчи кезекте лайнердин калдыктарына, жүргүнчүлөрдүн сөөктөрүнө, жеке буюмдарына, учактагы гуманитардык жүккө көңүл бөлүүнү тапшырган. Ошондой эле изилдөөдө согуштук аракеттерден жабыркагандар үчүн салынган дары-дармектер, Александрова ансамблинин реквизиттери салынган багажга артыкчылык берүүнү сунуштаган.
Ошондой эле басылмадагы маалыматка караганда жардырууларды изилдеген топко суудан алынган багажды, отургучтарды жана ички жасалгалардын бөлүкчөлөрүнөн жарылуунун издерин текшерүү сунушталган. Андан тышкары учактын конструкциясынын зыянына баа берилмек.
Жыйынтыгында теракт же жерден ракета аркылуу атуу боюнча бир да фактор таба албаган эксперттер эми экипаждын катасы болушу мүмкүн деген божомолго көңүл буруу зарылдыгын билдиргенин "Коммерсант" басылмасы маалымдады.
25-декабрда Кара деңиздин жээгинде Россиянын Коргоо министрлигинин ТУ-154 үлгүсүндөгү учагы кыйраган. Бортунда Сириядагы аба базанын күчтөрүн жаңы жыл менен куттуктоо үчүн бара жаткан Александров атындагы ансамблдин артисттери, онго жакын журналист жана аскер кызматкерлери болгон. Кырсыктан 92 киши көз жумду.
Мээрим Искакова