Германиянын Бонн шаарында БУУнун Климат боюнча 23-конференциясы (COP-23) өттү. Эл аралык форумдун катышуучулары жана байкоочулары жыйында жоопторго караганда суроолор көп болгонун белгилешти.
Катышкан өлкөлөр иш-чарага жогорку деңгээлде көңүл бурганы менен башкы маселелерде бирдиктүү пикирге келе алышан жок
Эксперттер 2015-жылы Парижде өткөн климат боюнча конференцияда бул максатта 100 миллирд доллар бөлүүнү убада кылышканы эске салды. Бирок бул конкреттүү түрдө ишке ашкан эмес.
Бонндогу форумдун аянтында көмүрдү энергиянын эң кир булагы катары эсептеп, 2030-жылга чейин андан баш тартуу боюнча эл аралык альянс түзүүгө аракеттер болду.
Долбоорго Дания, Италия, Финляндия, Франция, Португалия, Нидерланд, Улуу Британия, Люксембург, Австрия, Швейцария жана Бельгия сыяктуу европалык державалар кирди. Андан тышкары көмүрдөн электр энергияны өндүрүүдөн Канада, Жаңы Зеландия, Ниуэ, Эфиопия, Ангола, Мексика, Сальвадор, Фиджи жана Маршаллова аралдары баш тартканы калды.
Бирок көмүрдү башкы керектөөчүлөрдүн катарынан Кытай, Индия, 2011-жылы “Фукусима” АЭСиндеги кырсыктан кийин тынчтык атомун өндүрүүдөн баш тарткан Германия чыккан жок. Андан улам COP-23 төрагасы экологияны коргоочулардын жана көмүргө каршы коалициянын атынан арыздана алган жок.