Эски “iPhone”дордун иштөөсү эмнеге начарлайт?

23-Дек. 2017, Ишемби, 12:16

Америкалык “Apple” компаниясы мурунку “iPhone” смартфондорунун жумушун атайы жайлатканынын моюндады. Компания өз учурунда муну смартфондорунун «өмүрүн» узартуу үчүн жасап жаткандыктарын айтып актанышты. Бул тууралуу “korrespondent.net” сайты маалымдады.

Компания кызматкерлеринин айтуусу боюнча, айфон аккумуляторлору убакыттын өтүшү менен иштөө жөндөмдүүлүгүнөн ажырашат.

«Биз колдонуучуларыбыздын эң жакшы мүмкүндүктөргө ээ болушун каалайбыз. Тактап айтканда, ушундайча смартфондун кызмат көрсөтүү убакытсы узарып, чыгарылган технологиянын сапаты артат. Анын үстүнө литий батареялары суука чыдамдуу эмес», - дейт “Apple” кызметкерлери.

Мындан сырткары, гаджетти коргоо чарасы толугу менен өчүп калуусу мүмкүн. Аталган смартфондордун кемчилиги тууралуу интернет колдонуучулары көптөн бери айтып келишет. Ушул жума ичинде “Primate Labs iPhone 6s” жана “iPhone 7” смартфондорунун иштөө убакыты өткөн сайын, чындыгында начарлай баштаганын тастыкташты.

“Apple” компаниясы бул иш-аракеттерин моюндагандан кийин ага карата бир нече арыз келип түшкөн. 100дөн ашык адам компаниянын ушул саясаттына байланыштуу пайда болгон зыян тартуулары үчүн 5 миллион доллар төлөп берүүлөрүн талап кылышууда. Бул сумма дагы үч эсе көтөрүлүшү мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!