Сүт продукциясын экспорттоо 3.5 эсе жогорулады
2016-жылы Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөргө сүт продукциясын экспорттоо көлөмү 3.5 эсе жогорулады. Бул туурасында 18-январда өмөттүн өлкөнүн биримдиктеги пландары жана келечектеги милдеттерин талкуулаган кеңешмеде Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов билдирди.
Анын айтымынды, чет өлкөдөн сүт продукциясын импортоонун кыскарышы байкалууда.
“2016-жылы Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө сүт продукциясын экспорттоонун көлөмү 22 миң тонна болду, бул 2015-жылдын көрсөткүчүнөн үч эсеге көп (5900 тонна). Бул мал чарба продукциясын өндүргөн 19 атамекендик ишкананын ЕАЭБдин бирдиктүү тизимине киргизилгендигине байланыштуу болду. Анын 8и сүт продукциясын өндүрүүчү ишкана. Аталган реестрге киргизүүнүн натыйжасында атамекендик ишканалар өндүргөн продукцияны ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймагында өндүрүп, чыгарууга мүмкүндүк берилди”,-дейт Жумаканов.
Бекхан Асанов