Долбоорлорго 175 млн. доллар насыя берилди
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 175 млн. доллар жеңилдетилген насыя берди. Бул тууралуу өкмөттүн өлкөнүн биримдиктеги пландары жана келечектеги милдеттерин талкуулаган кеңешмеде Экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.
Анын айтымында, аталган фонд ишкерлерге 3 миллион долларга чейин жеңилдетилген насыя берет. Ушу күнгө чейин жалпы 637 долбоорду ишке ашыруу үчүн 175 млн. доллар жеңилдетилген насыя берген. Насыяларды берүүдө артыкчылык берилген тармактарга басым жасалууда. Артыкчылык берилген тармактар агроөндүрүш комплекси, тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштетүү, тоо-кенди иштетүү, металлургия, транспорт инфраструктурасы, туризм жана медицина тармагы”,-дейт Кожошев.
Насыяларды РСК Банк жана “Айыл банк” аркылуу алууга болот. Учурда “Кыргызстан” жана БТА Банк аркылуу берүү маселеси да каралып жатат.
Бекхан Асанов