Кыргызстанда интернет арзандайт
2016-жылы казакстандык провайдерлер интернеттин 1 мегабитин 12 доллардан сатылып келинген баасын 30 долларга көтөрүп жибергендигине байланыштуу Кыргызстан интернетти сатып алуу үчүн альтернативдүү булактарды издөөгө аргасыз болгон. Кыргыз өкмөтү Кытайдан интернет сатып алууга токтолуп кытайлык компания менен бир катар сүйлөшүүлөр жүргөн – эле.
Казакстандык провайдерлерге атаандаш булактар табылды
2016-жылдын 24-ноябрында “Кыргызтелеком”, “China Telecom” жана “UZTELECOM” үч тараптуу кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлган.
“Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун стратегиялык өнүгүү боюнча директору Кылыч Куталиевдин айтымында Кытайдын интернети тест түрүндө иштетилип, сыноодон ийгиликтүү өтүп, келишим түзүү алдында турат.
“Кытай аркылуу интернет алуу боюнча келишимге азырынча кол коюла элек. Бирок өнөктөштөр менен тыгыз иштешип жатабыз. Эгер сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктаса “China Telecom” компаниясы Россиядан Казакстан аркылуу Кыргызстанга интернет жеткирип турат. Биздин негизги талаптарыбыздын бири бизге келген интернет филтирленген болбоосу керек, ошондой болгон күндө кыргызстандык интернет колдонуучулар үчүн баардык ресурстар жеткиликтүү болот. “China Telecom” компаниясынын интенети казакстандыкы менен катар иштей берет”,-дейт Куталиев.
Кытайлык компания бере турган интернет декабрь айында өткөрүлгөн сыноодон ийгиликтүү өттү. Интернет менен камсыздоо волокно-оптикалык байланыш линиясы менен жүргүзүлөт. Кыргызстанга Иркештам-Ош-Жалал-Абад-Бишкек маршруту менен келет. “China Telecom” компаниясынын интернети казакстандыкы менен тең иштей берет
Интернетке болгон баа мурдагы калыбында болот
Кытайдан келген интернеттин баасы азырынча белгисиз, бирок Казакстандан арзан болушу мүмкүн.
“Азырынча Кытайдан интернет алуу тууралуу келишимге качан кол коюлары жана баасы канчадан болоору азырынча белгисиз. Баа боюнча азыр сүйлөшүүлөр боло элек. Интернеттин наркы Казак провайдерлеринин баасынан төмөн болот. Эгерде биз көбүрөөк көлөмдө интернет сатып алабыз деп келишимге кол койсок, албетте баасы дагы арзандайт. Бирок алынуучу интернеттин көлөмү азырынча белгисиз”,-дейт Куталиев.
“Кыргызтелеком” Казакстандан келүүчү интернеттин 1 мегабит баасы 13 долларга чейин арзандаганын кабарлап, эски баасынан да төмөн баа менен келе баштагынын билдирди. 2017-жылдын башынан тарта Кыргызстанга интернет сатуу боюнча казакстандык интернет таратуучулар менен жаңы келишимдер түзүлгөн. Ал келишимге ылайык ар кайсы провайдер сүйлөшө алганына жараша 1 мегабит интернетти 10 доллардын айланасында сатып алып жатат. 2017-жылдын январынан тарта Кыргызтелеком ишканасынын кардарлары абоненттик төлөмү баштагыдай сапаттуу интернетти колдоно алышат
Эске сала кетсек өткөн жылы ноябрь айында казакстандык операторлор Кыргызстандын интернет провайдерлери менен секундасына бир мегабит интернет үчүн 15 доллар төлөй турган тарифтик келишимге кол койгон. Бул макулдашуу январдан тарта күчүнө кирмек.
Бекхан Асанов