2016-жылдын кызыктуу буюм-тайымдары
2016-жылдын кызыктуу деп таанылган буюмдарынын катарында робот бармендерден тартып акылдуу табактар, иттер үчүн оюн кутулары, өлчөө идиштери сыяктуу бир канча кызыктуу нерселер бар. Күнүмдүк жашообузду жеңилдетүү максатында ойлонуп табылган кызыктуу буюмдар менен төмөндө таанышыңыз:
RippleMaker
Кофеңиздин үстүнө сүт көбүгүнүн жардамы менен каалаган сүрөттү түшүрө алган кофе жасоочу идиш. Эгер кофенин үстүндө сүрөтүңүздүн болуусун кааласаңыз анда бул буюм сиз үчүн!
Muse Brain Sensor
Өзүңүздү текшерүүнү кааласаңыз Muse Brain сенсорун тагып өлчөй аласыз. Бул буюмдун сенсору дене толкундары аркылуу канчалык тынч абалда экениңизден сизге кабар берет.
CleverPet
Итиңиз менен ойногонго убактыңыз болболсо, ал үчүн бир оюн кутусун алып берсеңиз болот. “CleverPet” алдындагы жарыктарды басканда тамак берген, ошол эле убакта итиңиз менен ойной турчу бир буюм бар.
SmartyPans
Тамак бышыруучу табак канчалыкты акылдуу болот деп ойлойсуз? Бул табак тамак бышырып жатканда тамак-аштарыңыздын майлуулугун өлчөп, бирдей режимди кармоого жардамчы болмокчу.
SensorWake
Эртең менен сааттын чырылдаган үнүнөн тажадыңызбы? Андай болсо жыт аркылуу ойгонууга кандай карайсыз? “SensorWake” жагымсыз үндүн ордуна өзүңүз тандаган саатта кофенин, деңиздин же болбосо круасан таттуу токочунун жыттары сизди таттуу уйкудан ойготот.
Somabar
Фарида Жумакадырова