Компьютердеги эң кымбат оюндар
2016-жылы 23-майда “PlayStation 4”, “Xbox One” жана “PC” платформаларында чыккан “Overwatch” оюну жарык көргөн күндөн баштап ал көп оюнчуларга ээ болуп келет. Жакшы өзгөрүүлөргө туш болгон оюн бир топ сыйлыктарга татыды жана “SuperData” бөлүшкөн жыйынтыктардан кийин да ийгиликтерге жетишти. “Overwatch” чыккан күндөн бери 586,6 миллион доллар киреше тапкан.
Экинчи катардан орун алган оюн 2012-жылы 21-августта оюнчуларга сунушталган. Ал 257.2 миллион доллар тапкан “Counter-Strike” “ Global Offensive” оюндарынан турат.
Анын артынан эле “Guild Wars 2”, 2012-жылы 28-августта жарык көрүп, бул жылы 91 миллион долларга ээ болгон.
Төртүнчү катарда кирешеси 88,7 миллион долларга жеткен “Minecraft” турат.
Бешинчи орунга Xbox One” жана “PC” платформасындагы “PlayStation 4”,” “Fallout 4” татыктуу болду. Оюн 74.9 миллион доллар пайда көргөн.
“Free To Play” оюндары менен жарышкан “Overwatch” сыяктуу оюндар, өзү каалагандай ийгиликке жетише алды. “Free To Play”дин чыгарган жыйынтыкта “League Of Legends” биринчиликти алды. Оюн бул жылы 1,7 миллион долларга тапкан.
2015-жылы 1.628 миллирд долларга жеткен “League Of Legends” оюуну бул жылы дагы да ийгиликти багынтты
Фарида Жумакадырова