Уюлдук телефон оюндары кирешелүү болууда
Азыркы учурда активдүү боло баштаган оюн базарына 2016-жылы 94 $ миллиард киреше түшкөндүгү маалым болду.
Ири каражат көбүнчө чөнтөк телефондору аркылуу түшөрү маалымдалды. Көптөгөн адамдардын оюн индустриясына болгон кызыгуусу артып жана ал бир жолго салына баштады. Уюлдук телефондогу оюндардан 100 миллиард долларга жакын пайда көрүшкөн, 2016- жылдын кирешеси 94 $ миллиард деп аныкталды. Талдоочулардын берген баасына караганда бул жолу компьютер оюндарынан түшкөн киреше мобилдик оюндардын кирешесинен төмөн болору белгиленди.
“Superdata” тарабынан белгилүү болгондой, катталган премиум оюндары менен коомдук оюндар деп болжолду бөлө турган болсок, эмгек акы 36 миллиард долларды түзгөн. Жыл бою бул тармак 41 миллиард долларга жаккын пайда көргөн.
Эң көп пайда алып келген "Mobil Strike" оюну1.3 миллиард доллар пайда тапкан. Кийинки катарда “Clash Royale” жана “Pokemon GO” оюндары турат.
Фарида Жумакадырова