​Көчкү бир адамды басып калды

23-Янв. 2018, Шейшемби, 11:34

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 21-январь күнү Көк-Жайык жайлоосуна 3 жаран отун чогултуп жүргөн учурда кар көчкү түшүп, 1979-жылы туулган жаранды көчкү басып калган. Калган экөө аман калган.

Учурда көчкүнүн алдында калган жаран изделип жатат. Аны куткарууга 30 адамдан турган куткаруучу топ издөөгө чыкты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!