​Май ташыган унаа Чычкан суусунан чыгарылды

23-Янв. 2018, Шейшемби, 11:43

Чычкан суусуна түшүп кеткен күйүүчү май ташыган унаа суудан чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 22-январда саат 15:30да кырсык болгон жерге Токтогул райондук №97 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу жана Кара-Көл шаарындагы Нарын ГЭС ишканасынан 100 тонналык чоң кран унаасы тартыган.

Кечки саат 17:30да сууга түшүп кеткен күйүүчү май ташуучу унаа чыгарылган.

Эскерте кетсек 20-январда Бишкек-Ош жолунун 264-чакырымында Чычкан суусуна бензин тарткан унаа кулап түшкөн. Анын кесепетинен 1 киши набыт болуп, эки киши жабыркаган. Унаада 38 тонна бензин бар болгон. Сууга төгүлгөн майдын кесепетинен балыктар жапырт кырылып, бир топ зыян келип жатканы маалым болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!