​“Манас” аэропорту 3,5 млн. жүргүнчү тейлеген

23-Янв. 2018, Шейшемби, 16:54

Эл аралык “Манас” аэропорту өткөн жылдын 12 айында жалпы 3 млн. 586 миң 337 жүргүнчүгө кызмат көрсөткөн. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылы аэропорт 2016-жылга салыштырмалуу 503 миң 406га көп жаранды ташууга жетишкен. Жүргүнчүлөрдү ташууда 31 миң 956 рейс ишке ашырылган. Анда жалпы 3 млн. 586 миң 337 жүргүнчүгө кызмат көрсөтүлгөн. Анын ичинен ички каттамдарда 1 млн. 317 миң 775 адам аэропрттун кызматын пайдаланган. Ал эми тышкы каттамдар боюнча 2 млн. 268 миң 562 жаранды тейлеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!