Неймар: "Чемпиондукту жеңмейин үйлөнбөйм"

Неймар:
22-Ноя. 2017, Шаршемби, 10:09

Бразилиялык футболчу жана Франциянын «Пари Сен-Жермен» футбол клубунун чабуулчусу Неймар учурдагы тилек-кыялдарын бөлүштү. “Man About Town” журналына маек курган атактуу футболчу “Учурда Чемпиондук лигасын жана дүйнө чемпионатын жеңүүнү каалайм. Андан кийин гана үйлөнөм” деди. Неймар Париж шаары ушунчалык кооз экендигин жана “ПСЖ” клубу аны жакшы маанайда кабыл алгандыгын билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек, Бразилиялык «Golden boy» Неймар дүйнө жүзүн таң калтырып 222 миллион еврого «ПСЖ» клубуна которулган. Акыркы учурларда Неймар алтын топко талапкерлердин катарына кошулууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!