​Кыргыз мушкери алтын байгени жеңди

​Кыргыз мушкери алтын байгени жеңди
27-Дек. 2017, Шаршемби, 14:31

Кыргызстандык мушкерлер Казакстандын Караганда шаарында өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште 1 алтын жана 1 күмүш медаль байгеге ээ болду. Бул тууралуу КРнын бокс федерациясынан билдиришти.

Мелдеш Казак ССРнин эмгек сиңирген машыктыруучусу Галым Жарылгаповдун элесине арналган.

Ага Казакстан, Өзбекстан, Индия, Монголия, Россия жана Кыргызстандын спортчулары катышкан.

Мелдештин жыйынтыгында 69 кг салмактагы категорияда Абдурахман Абдурахманов алтын, 49 кг салмактагы категорияда Мирлан Түркбай уулу күмүш тагынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!