
Грек-рим күрөшү боюнча мелдеш өтөт
Бишкекте 21-22-январда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстандын аймактарынан келген курама командалардын спортчулары катышат. Спортчулар 59 килограммдан 130 килограммга чейинки салмактагылар арасында мелдешет.
Мелдеш аталган спорттун түрүн жайылтуу жана Кыргызстандын курама командасына мыктыларды тандап алуу максатында өткөрүлөт.
Иш-чараны Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Күрөш федерациясы уюштурууда.
Кубаныч Жусупбеков