
Таэквондо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт
28-29-январда Бишкекте Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин спорт залында WTF таэквондо боюнча чоңдор жана өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Мелдешке 1999-жылкы жана андан жогору жаштагылар, ошондой эле 2000-2002-жылы туулган балдар жана кыздар катышмакчы.
Чемпионат төмөнкү салмактагы категориялар боюнча өтөт:
Эркектер: 54 кг, 58 кг, 63 кг, 68 кг, 74 кг салмакка чейин;
Аялдар: 46 кг, 49 кг, 53 кг, 57 кг, 62 кг салмакка чейин;
Балдар: 45 кг, 48 кг, 51 кг, 55 кг, 59 кг, 63 кг, 67 кг салмакка чейин;
Кыздар: 44 кг, 46 кг, 49 кг салмакка чейин.
Мелдештин максаты - WTF таэквондосу боюнча КР чемпиондорун аныктоо, эл аралык мелдештерге катышуу үчүн улуттук курама команданы түзүү, спорттун олимпиадалык түрү катары WTF таэквондосун Кыргызстанда өнүктүрүү жана жайылтуу, таэвондочулардын техникалык чеберчилигин өстүрүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, бул мелдешти өткөрүүгө дирекция тарабынан 27 миң сом бөлүнгөн.
Кубаныч Жусупбеков