
Кыргызстанда снукер боюнча чемпионат өтөт
Ушул жылы Эл аралык снукер федерациясы Кыргызстанда Азия чемпионатын өткөрөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка карганда, Эл аралык снукер федерациясынын президенти Мубарак Хамад Аль-Кхаярин Кыргызстандын спорт агентигинин жетекчиси менен 19-январдагы жолугуу учурунда Кыргызстанда снукер боюнча Азия чемпионаты өткөрүлө тургандыгын билдирген.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап олимпиадалык спорттун түрү болгон снукер спортунун Кыргызстанда өнүгүүсү үчүн кызматташуу тууралуу сөз болду.
Аманкулов өз кезегинде Кыргызстандын мындай спорттук ири иш-чараларды өткөрүү тажрыйбасына ээ экендигин билдирди.
“Спорттук ири иш -чараларды өткөрүү тажрыйбабыз бар. Өткөн жылы Кыргызстанда бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионат өткөн. Биз чемпионатты өткөрүүдө уюштуруу иштерине колдоо көргөзүүгө даярбыз”,-дейт Аманкулов.
Бекхан Асанов