XIX кылымда тартылган сүрөттөгү “iPhone”

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 11:10

"Австриялык сүрөтчү Фердинанд Георг Вальдмюллердин 1860-жылы тартылган «Күтүүчү» деп аталган сүрөтүндө аялдын колунда “iPhone”ду байкоого болот. Бул тууралуу Глазгонун (Шотландия) мурунку мамлекеттик кызматкери Питер Рассел билдирди",- деп жазат “Lenta.ru.” сайты.

Картинада тартылган кыз колундагы кичинекей нерседен көз албай карап турганын көрүүгө болот. Расселдин айтуусу боюнча, “Азыркы кезде жаштар дал ушундай смартфондордон көз албай карап жаткандарын көрүп жүрөбүз. Мени баарынан да таң калтырганы, технологиянын сүрөткө болгон кабыл алууга жана контекстке таасир бергендиги”,- дейт ал өз сөзүндө.

«Вальдмюллердин сүрөттүндөгү кыз “iPhone X”те ойнобостон, чиркөөгө бараткан жана колунда кичинекей дуба китеби бар», - дейт австриялык көркөм сүрөт агенттигинин аткаруучу директору Геральд Вайнполтер.

2017-жылдын август айында итальялык сүрөтчү Умберто Романонун 1937-жылы тартылган «Пинчон мырза жана Спрингфилдге отурукташуу» деп аталган фрескесинен да смартфонду табышкан. Сүрөттөгү Индеец колунда “iPhone”го окшош төрт бурчтуу нерсени кармап турат. Сүрөтчүнүн чындыгында эмнени тарткандыгы белгисиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!