23-сентябрда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынышына 28 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Мамлекеттик тил коммиссиясынын маалымат кызматынан билдиришти.
“Президенттин 2009-жылдын 22-сентябрындагы №358 “КРнын мамлекеттик тилинин Күнүн белгилөө” жөнүндө Жарлыгына ылайык 22-сентябрда саат 10:00дө Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салтанаттуу иш-чара өтмөкчү”,-деп айталыт маалыматта.