Кир жуунун эрежелери

Кир жуунун эрежелери
24-Июль 2017, Дүйшөмбү

Кир жуу - аялдын үйдөгү эң маанилүү милдеттеринин бири. Тилекке каршы, бардык эле кожойкелер муну туура жасай беришпейт. Билбестиктин айынан жакшынакай буюмду бузуп алган учурлар да көп кездешет. Кир жуунун да өзүнүн сырлары, бир нече эрежелери бар.

Баарынан мурун кийимдерди жууганга даярдап алуу керек: Чөнтөктөрдү карап, анда болгондун баарын алып чыгыңыз. Шым менен юбкаларды оодарыңыз. Ошондо алар өзүнүн түсүн көпкө сакташат. Топчуларын, боолорун, кнопкаларын чечиңиз. Тактары болсо аларды кетириңиз. Ар кандай материалдан тигилген кийимдер үчүн ар башка температура керек.

Андыктан, бардык кийимдерди сорттоп алышыңыз керек: Кийимдерди түстөрүнө жараша бөлөсүз: ак, түстүү жана кара кылып.

Кийимдин кандай материалдан тигилгенин айырмалай билиңиз: жүн кошулган жана жибектен тигилген кийимдер пахта кошулган кийимдерден бөлөк жуулат. Өңү өчө турган кийимдерди өзүнчө коюңуз.

Ошондой эле өтө кир болгон кийимдер да өзүнчө жуулат. Ак жана өтө кир болгон кийимдер ысык сууга жуулат. Кара, күрөң түстөгү жана өңү өчүп кете турган кийимдер - муздак сууга. Калган бардык кийимдер жылуу сууга жуулат.

Түсү боюнча: Ак жибектен тигилген кийимдерди көлөкөгө кургатуу керек: күндүн түз тийген нурунан алар саргайып калат. Мындай кездемеден тигилген кийимди жалтыраган баштапкы калыбына келтирүү үчүн жуугандан кийин туздуу жылуу сууга (10 л сууга 1 стакан туз) чайкап коюңуз.

Кызыл жана көгүлтүр түстөгү кийимдердин өңүн сактап калуу үчүн аларды чайкаган сууга бир аз уксус (1 л сууга 1 чоң кашык уксус) кошуп жибериңиз.

Ал эми пушту түстү нашатырь спиртинин, көк түстү аш содасынын жардамы менен өңүнө чыгарсаңыз болот.

Кара түстөгү кийимдердин өңүн сактап калам десеңиз, атайын агартуучу кошулмалары бар (айнадагы көгүлтүр бүртүкчөлөр) каражаттар менен жуубаңыз жана 60°Сден ашпаган температурадагы сууга жууңуз. Кара түстөгү кийимдерди акыркы жолу чайкаган сууга бир чымчым туз кошуп жиберсеңиз да өңү жакшы сакталат.

Ашкана буюмдары

Ашкана майлыктарын жуугандан мурун бир аз уксус кошулган жылуу сууга чылап койсоңуз, майы жакшы кетет. Түктүү сүлгүнүн мамыктай жумшак болуп калышын кааласаңыз, жуугандан кийин туздуу сууга 15 мүнөт салып коюңуз жана үтүктөбөңүз.

Ашкана пардасын түнү менен туз кошулган муздак сууга салып койсоңуз, оңой жуулат. Тор парданы чайкаган сууга бир аз сүт кошуп койсоңуз, апапак болуп калат. Ошондой эле сүт парданы бир аз катуу да кылып коёт. Саргыч тартып калган тор парданы агартуу үчүн жуугандын алдынан туздуу сууга бир аз салып коюу сунуш кылынат. Ак капрон ашкана пардасы үчүн крахмалдын ордуна шекерди пайдалансаңыз болот: чайкаган соң 2 чоң кашык шекер кошулган сууга чылап коюңуз.

Жүн кошулуп токулган кийимдер

Бурап сыгуу мындай кийимдерди бузат. Жуулган кийимди түктүү сүлгүгө ороп, жеңил сыгыңыз. Токулган кийимдерди кургатууда ийининен илүүгө болбойт. Жүн кошулуп тигилген кийим кирип же чоюлуп кетпеш үчүн аны жууган суу менен чайкаган суунун температурасы бирдей болууга тийиш. Суунун температурасы канчалык көп алмашса, кийим ошончолук начар көрүнөт.

Жүн кошулган ак түстөгү кийимдерди жууганда сууга сөзсүз түрдө бир аз нашатырь спиртин кошуп коюңуз. Эгерде жүндөн токулган кийимиңиз чоюлуп кеткен болсо, аны калыбына келтирүүнүн бир жолу бар: 10 л самын сууга 3 чоң кашык нашатырь спиртин жана 1 чоң кашык скипидар кошуп, бул аралашмага кийимди бир сутка чылап коюңуз. Андан соң салкын сууга чайкап саласыз.

Ошондой эле кирип кеткен токулган кийимди да калыбына келтирсе болот. Ал үчүн жуунун алдында бир аз уксус кошулган муздак сууга чылап коюңуз. Ал эми чайкаган сууга глицерин кошуп коюңуз (10 л сууга 1 чоң кашык).

Ак түстөгү токулган кийим саргыч түскө ээ болуп калса, аны лимондун кесимдери кошулган сууга бир сутка чылап коюңуз.

Жынсылар

Жынсыны 40°Сден ашкан температурадагы сууга чылабаңыз жана дагарада эки сааттан ашык турбасын. Агартуучу кошулмалары бар каражат менен жуубаңыз, андан көрө жынсыны жууган сууга бир аз уксус кошуп коюңуз. Жынсы чоюлбай, өз формасын сактап калуу үчүн аны ичинен оодарып, бардык топчуларын, кнопкаларын топчулап туруп анан жууңуз. Жынсыны күн ачык тийген жерге жайбаңыз. Ным бойдон кийбеңиз - тизеси чыгып калат.

Жынсыны жууганда суу боёлуп калса, маанайыңыз чөкпөсүн. Бул анын сапатынын төмөндүгүн билдирбейт. Мындан чыныгы жынсылардын өңү өчпөйт, болгону ашыкча боёгу чыгып кетет. Жууган соң жынсыны сыкпаңыз, жөн гана белинен күн тийбеген жерге илип коюңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!