Косметикалык каражаттардын тийгизген зыяны

Косметикалык каражаттардын тийгизген зыяны
30-Авг. 2017, Шаршемби

Сулуу жана жаш көрүнүү ар бир назик жандардын каалоосу. Сулуулук бет терисинин келишимдүү кылып гана чектелбейт. Сулуулуктун эң алгачкы баскычы-тазалык. Сулуулук, кооздук, элеганттуулук заман талабына ылайык өзгөрүп тураарын билсек да, табигый сулуулук эч качан жасалма сулуулуктан бааланарын эстей жүргөнүбүз жөн. Акыркы кездерде татуаж, жасалма кирпик тагуу, эриндин көлөмүн чоңойтуу, беттеги ашыкча терини операциялык жол менен алдыртуу, жасалма чач тагуу, тырмак өстүрүү сыяктуу көрүнүштөр кыздардын кумарына айланды десек да болот. Анын натыйжасында, теринин рак оорусу, ар турдүү тери оорулары, тери грибоктору жана башка оорулары пайда болууда. Башында сулуу көрүнгөнү менен, артынан жапа чегип калышаарын билип, сулуулук үчүн жанын курман кылган аялдар-косметикалык боёкторду пайдалануудан да ден соолуктарынын начарлатып алуу коркунучу бар экенинин биле беришпейт. “Сактыкта кордук жок” дегендей косметика тандоодо эмнелерге көңүл бөлүү керектигин сунуштамакчыбыз:

1. Косметика сатып алууда консервантсыз косметикаларды алуу кажет. Косметикадан (PARABEN FREE) жазуусун издесеңиз, эгер (Paraben free) жазуусу болсо консервантсыз деген сөз. Консерванттуу косметикалар аллергия, кызамык пайда кылат. Эмчек рагынын пайда болуу коркунучу бар.

2. Чачка арналган гель же болбосо ар түрдүү самын, бальзамдардан силиконсуз түрүн пайдаланууга тырышыңыз (SILICONE FREE).

3. Пудранын курамында тальк болсо, анда ал сиздин ден соолугуңузга кооптуу. Себеби магнезия силикатынан өндүрүлгөн тальк, өпкөнү рак оорусуна алып барат. Эгер (TALK FREE) жазуусу болсо коопсуз болуп саналат.

4. Жаныбарлар майы ( Animal Fat). Майлуу карандаш, эрин помадасы жана башка майлуу боёктордун курамында болот. Жаныбарлар майы — бактериялардын көбөйүүсүнө себепчи. Жугуштуу оорулардын пайда болуу коркунучу жогоруу.

5. Косметикада (MINERAL OIL) жазуусу болсо (тональный кремдерде), мунайдан өндүрүлгөн болот. Тагыраак айтканда, териде майдуу пленка түзүлүп, тери клеткаларынын бүтөлүп калуусуна алып келет. Анын кесепетинен бет терисинде тактар, ириң безеткилери пайда болот.

6. Кирпик сүрткөн тушту сатып аларда (FIBER FREE) жазылмасы барын алганыңыз жөн. Бул силиконсуз жана сапатуу, көзгө зыяндуулугу төмөнүрөөк.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!