Фарида Жумакадырова
20-Сен. 2017, Шаршемби, 10:01
Кээ бир кымбат баалуу косметикалык каражаттарга салыштырмалуу пайдасы жана натыйжалуулугу менен кем калышпаган майлардын бири касторка болуп эсептелет. Аны кадимки эле дарыканалардан сатып ала аласыз.
- Терини серпилгич абалга жеткирүү үчүн жуунаардан мурун 15 мүнөт алдында касторка майы менен денени бүт сүртүп чыгыңыз. Андан кийин кадимкидей эле жууна бересиз.
- Согончоктун катуу катмарын жумшартып, андан арылуу үчүн 10 күн бою уктаардын алдында 1 чай кашык касторкага 1 чай кашык глицерин кошуп согончокко сүртүп, пахтадан жасалган байпак кийип жатыңыз. Эки күндө бир жолу бутуңузга жылу ванна жасап туруңуз. 10 күндүн аралыгында согончоктун жагымсыз катуу катмарынан кутуласыз.
- Суук аба ырайында айрыкча эриндер жабыркоого көп учурайт. Андыктан күн сайын кечинде уктаар алдында эриндерге сүртүп жатуу керек.
- Каш менен кирпикти дагы абдан жакшы өстүрөт. Андыктан уктаар алдында каш-кирпикке да сүйкөп жатыңыз.
- Целлюлиттен арылуу үчүн аптасына бир жолу 4 аш кашык касторка майына лаванда эфир майын бирдей өлчөмдө аралаштырып көйгөйлүү жерлерди сүртүп, жарым саатка жылуу кийим кийе туруңуз. Андан кийин жуунасыз.
♦ Денедеги ашыкча түктөрдөн арылуу үчүн дагы ар дайым айым жуунаардын алдында касторка майы менен сүртүп жүрсөңүз, 2-3 айда жоголот.
♦ Жеңил жаракат, күйүктүн тактарына да сүйкөп жүрсө, убакыт өтүп ал тактар жоголот.
Ден соолук үчүн:
♦ Ич катыган учурда 1 чаш кашык касторканы жылуу суу менен ичип алсаңыз, ичти жумшартат.
♦ Катуу жөтөлдө уктаардан алдың көкүрөк жана аркага скипидар менен касторканы бир чай кашыктан алып аралаштырып, жылытып сүйкөсө болот.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!