3 даана аспирин чачыңызды жалтыратып, какачты жок кылат

3 даана аспирин чачыңызды жалтыратып, какачты жок кылат
23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 11:13

Бул даарыны көпчүлүк учурда баш ооруганда ичип жүрсөңүз эми сулуулук үчүн да колдонуп көрүңүз. 3 даана аспирин чачты жалтыратып, какачтан арылтып, чачты көптүрөт.

Аспирин башка химиялык заттарга мол дарыларга караганда табигый анальгетик ирээтинде узак тарыхы бар. Ошондуктан аны кээ бир зыяндуу химиялык заттардан турган чачка арналган каражаттардын ордуна колдонууну сунуштайбыз.

Мындан сырткары акчаңызды үнөмдөп, көйгөйдү арзан жана жөнөкөй жол менен чечиңиз.

Аспиринди чачка кантип колдонуу керек?

3 даана аспиринди алып, майдалап, кадимки колдонуп жүргөн шампун менен аралаштырып башыңызга сүйкөңуз. 3 мүнөттөй башыңызды укалап жылуу суу менен жууңуз.

Биринчи жолу колдонгондо чачыңыз жалтырап, көөп турат. Ал эми бир нече ирээт колдонгондон кийин какачты жок кылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!