Фарида Жумакадырова
7-Март 2017, Шейшемби
- Көпчүлүк өлкөдө орточо эсеп менен айымдар эркектерге караганда узак жашашат.
- Батыш окумуштууларынын изилдөөлөрүнө таянсак айымдар 437 түрдүү нерселерди жуунучу бөлмөдө сакташат.
- Айымдар эркектерге караганда эки эсе бат көз ирмешет.
- Американын Колорадо штатында аялы уктап жатканда аны өпкөнгө болбойт. Айымдар кол алышып учурашкан маалда эч качан колду бекем кысышпайт.
- Англиялык окумуштуулар атыжок манжасы кыска болгон кыздар спортто көп ийгиликтерге жетишери туурасында айтып чыгышты.
- Эгерде аялзатына колуңду сун десе көпчүлүгү алаканын ылдый каратып сунушат.
- Кандай гана чач болбосун (кыска болсо дагы) ар бир айым башын жуугандан кийин сүлгү менен чалма сыяктантып ороп алат.
- Ал эми чакырган убакта моюнун гана буруп карайт. Бул деген моюнунун ийкемдүүлүгү туурасында кабар берет.
- Айымдар колу бош турган учурду жаман көрүшөт, ошондуктан ар дайым колунда сумка, желдеткич, мээлей же гүл болот.
- 75 пайыз айымдар самындап жуунуу териге зыян дешет.
- Эң алгачкы программист айым – Англиянын тургуну Ада Лавлэйс.
- Айымдардын жүрөгү эркектердикине караганда 20% кичине.
- Эгерде аялдардын ишеничин кайтаргыңыз келсе анда аларды 20 секунд кучактап коюу гана жетиштүү.
- Айымдардын угуусу эркектердикине караганда жакшы.
- Илимий жактан далилденген фактыларга таянсак, айымдардын мээси 10 пайызга эркектердикине караганда кичине.
- Социологдордун изилдөөсү көрсөткөндөй Германияда 35 пайыз айымдар күйөөлөрүнө караганда көбүрөөк маяна алышат. АКШда бул көрсөткүч 30% болсо, ал эми Европада -59%га жеткен.
- Аялдар эркектерге караганда көп сүйлөшөт, бир күн бою эки үч эсе көп. Бул мээдеги рахат алуу борборуна байланыштуу.
- Аялдар караңгыда жакшы көрүшөт. Мындан сырткары перифериялык көз карашы жакшы өөрчүгөн.
- Аялдар жөргөмүш, жылан, чычкан жана дагы чегирткелерден коркушат (алар ошончолук кооз болсо да).
- Дүйнөдө аялдардын көпчүлүгүнүн IQсу - эркектердике салыштырганда 196 пайызга жогору. Бирок Нобель сыйлыгы түзүлгөн 1901-жылдан тарта аталган сыйлыкты алгандардын ичинен отуз үчү гана айымдар болгон. Баардык сыйлык ээлеринин саны 797 адам.
- Күн сайын эринине эндик-помада боёгон аял бүтүндөй өмүрү бою 2 кг. эндик жейт.
- Гендердик теңсиздикти жоюу үчүн дүйнөдө 100 млн. жакын айым жетишпейт. Көпчүлүк аялдардын өлүмү Азияда катталган.
- Баардыгы болуп дүйнөдө 10 аял президеттик кызматты ээлеп келишет.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!