Топ-10: Дүйнөдө 2017-жылдагы башкы окуялар

29-Дек. 2017, Жума, 16:08

Өтүп бара жаткан 2017-жыл түрдүү окуяларга бай болду. Көптөрү маанилүү талкууларга жем таштады. Бул жыл эмнеси менен эсте калып, 2017-жылдагы кандай окуялар дүйнөнүн тарыхында калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду?

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын инаугурациясы

2017-жылдын январь айында Дональд Трамп ант берип, расмий түрдө Ак сарайдын ээси болду. Анын жеңиши көптөрү үчүн күтүүсүз болду. Америкада шайлоонун жыйынтыгы жарыяланары менен массалык митингдер, каршылык акциялар өлкөнүн 150дөн ашык аймагында бир нече айга уланды. Ал гана эмес ушул мезгилге чейин Трамптын жеңишине Россияны айыптап келүүдө.

Францияда президенттик шайлоо

Францияда 7-майда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында “Алга!” кыймылынын лидери Эммануэль Макрон жеңишке жетти. Жаш саясатчыга 20 миллион адам же шайлоочулардын 66 пайызы “макул” деген добушун беришкен.

Президенттик тактыга келген Макрон террорчулук менен күрөшүү, полиция пункттарын көбөйтүү, маяналарды көтөрүү жана салыкты төмөндөтүү биринчи милдети болорун жар салды.

Испаниядан көз карандысыз болууну каалаган Каталония

“Brexit” жугуштуу болгон сыяктанат. Бул ирет Каталония эгемен автономдук коомчулук болууну, Испаниядан бөлүнүүнү каалаган референдум өткөрдү. 1-октябрда өткөн жалпы элдик өнөктүктө Каталониянын 90 пайызы “макул” деген добуш берди. Аймактын өкмөт башчысы Карлес Пучдемон “Каталониянын өкүлдөрүнүн декларациясына” кол койду. Референдумдун жыйынтыгын Мадрид мыйзамсыз деп таап, соттун чечими менен жарактан чыгарды.

Түндүк Кореянын өзөктүк сыноолору

Түндүк Кореянын тартипсиздиги, тактап айтканда өзөктүк сыноолору дүйнөнүн бир топ тынчын алды. Жаз айларында Түштүк Кореянын чалгын кызматы Пхеньян жаңы типтеги өзөктүк түзүмдөрүн сыноого даярдап жатканын кабарлаган. Көп өтпөй сентябрдын башталышында Түндүк Корея күчү 50дөн 120 килотоннага чейинки суутек бомбасын сынады. Ал Хиросимага ташталган өзөктүк бомбадан 8 эсе күчтүү эле.

Бул дүйнөнү ар бурчунда күчү 5,7-6,4 балга жеткен силкинүүлөргө себеп болду. АКШ жана Түндүк Кореянын президенттери бири-биринин даректерине араздашкан сөздөрдү жолдоду. Ал гана эмес эксперттер активдүү аскердик аракеттерден чочулап турду.

Россияны “Евровидение” конкурсунан чыгарышты

Май айында Киев шаарында өткөн Эл аралык “Евровидение” ыр жарышы Россиясыз өттү. Украина өз аймагына өлкөнүн ырчысы Юлия Самойлованы 2015-жылы Крымда гастролдо болгону үчүн киргизген жок.

Европалык телерадиоберүү биримдиги бул жаңжалга байланыштуу Украинага 200 миң евро айып пул салды. Кийин жарыштын уюштуруучулары эл аралык конкурстун регламентине бир катар өзгөртүүлөрдү киргизди.

Олимпиада-2018 жана допинг жаңжалы

Декабрда Эл аралык олимпиада комитети (МОК) 2018-жылдагы Пхенчхандагы олимпиадалык оюндарга Россиянын спортчулары катышып катышпай турганын аныктады. МОКтун аткаруучу комитети Россиянын курама тобу 2018 оюндарынан четтегенин кабарлады.

Петербург метрополитенинде теракт

3-апрель Санкт-Петербургдун тарыхында “кара күн” катары жазылды. Шаардагы метролордун биринде террорчу жанкечти жардыруучу түзүмдү аракетке келтирген. Терактын курмандыктары аны аткарган адамды кошкондо 16га жетти. Ошондой эле Россиянын 14 аймагынан 87 адам жаракат алды.

Нью-Йорктогу теракт

31-октябрда Нью-Йорктогу Манхэттен районунда 29 жаштагы Өзбекистанда туулган Сафулло Саип ижарага алынган жүк ташуучу унаа менен элди аралап кеткен. Окуяда 9 адам көз жумса ондон ашыгы жарат алды.

Лас-Вегастагы трагедия

1-октябрда Лас-Вегастагы Мандалай-Бэй казиносунда 59 адам көз жумду. Алардын көпчүлүгү кантри-музыка фестивалына келишкен. Анда 64 жаштагы америкалык Стивен Пэддок ок чыгарган. 500дөн ашык адам жарадар болгон трагедияны өлкө бийлиги АКШнын тарыхындагы массалык кыргын деп атады.

Ирандагы жер титирөө

12-ноябрда Иран-Ирак чек арасында күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болду. Жаратылыш кырсыгы 400 адамдын өмүрүн алды. Андан тышкары 6 миңден ашык жергиликтүү тургун жабыркады.

Мугабенин эпохасы аяктады

21-ноябрда маалымат каражатарында Зимбабвени 37 жыл башкарган 93 жаштагы Роберт Мугабе бийликтен кеткени тууралуу кабарлар чыкты. Өлкөдөгү аскердик төңкөрүшкө Мугабенин бийликти жубайына өткөрү аракети себеп болгон.

Бул кадамдан кийин аталган мамлекетте олуттуу өзгөрүүлөр деле күтүлбөйт. Антсе да адистер муштум менен элди кармоо мүмкүн эместиги диктаторлорго сабак болорун белгилешкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!