Британ элчилигинин кызматкери өлтүрүлдү

19-Дек. 2017, Шейшемби, 10:38

Кылмышка шектелген “Uber” (Убер) компаниясынын айдоочусу мойнуна алган көрсөтмөлөрдү берди.

Ливандын борбору Бейрут шаарында Британиянын элчилигинин кызматкери Ребекка Дайкстын өлүмүнө шектүү адам кармалды. Ал “Uber” компаниясынын айдоочусу болуп чыкты жана мойуна алган көрсөтмөлөрдү берди.

30 жаштагы Дайкс жума күнү кечинде достору менен бардан тарагандан кийин өлтүрүлгөн. Муунтулган аялдын денеси жолдун жээгинен табылган. Ал Бейрутта үстүбүздөгү жылдын январь айынан бери Бириккен королдуктун Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин программасы боюнча бөлүмдү жетектеп келген.

“Uber” компаниясынын жетекчилиги бул боюнча тергөө иштеринде Ливан бийлиги менен кызматташтыкта иш алып барууга даяр экендигин билдирди. Ал эми өлкөнүн полициясы кылмышта саясий мотивдер жок экендигин аныктады.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!