“Кошмо штаттарга уят эмес!”

19-Дек. 2017, Шейшемби, 11:27

Кошмо штаттар Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин Иерусалимди Израилдин борбору катары кабыл алууга каршы болгон резолюциясына бөгөт койду.

Египетте сунушталган документте Иерусалимдин статусу жана демографиялык курамын өзгөртүү болжолдонгон кандай гана чечим болбосун анын юридикалык күчү жок экени жана жокко чыгарылышы керектиги жазылган.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хэйли Вашингтон үчүн мындай чечим чыгаруу уят эместигин жарыялады. Анын айтымында Кошмо штаттар Американын суверенитетин коргоо жана Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессинде ролун сактоо максатында мындай вето укугунан пайдаланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!