Россияда президенттик шайлоо өнөктүгү башталды

19-Дек. 2017, Шейшемби, 12:43

Ага Борбордук шайлоо комитети (БШК) толугу менен даяр экендигин белгиледи.

Россияда президенттикке жарыш старт алды. Мамлекет башчысын шайлоо 18-мартка белгиленген.

БШКга зарыл документтерди тапшыруу үчүн өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерге 20 күн, ал эми партиядан көрсөтүлгөндөргө 25 күн убакыт берилген.

Президенттик такты үчүн күрөшөөрүн расмий жарыялагандардын саны 20дан ашты.

Учурдагы өлкө лидери Владимир Путин шайлоого өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катышат. Сурамжылоолордо ал 60 пайыздык көрсөткүч менен алдыда келе жатат.

Оппозициячыл Алексей Навальный шайлоого катышаарын биринчилерден болуп билдирди. Бирок ага козголгон кылмыш иши каттоого таасир этери күтүлөт.

Ал эми оппозицияны катарын толуктаган Ксения Собчактын катышаары коомчулукта чоң резонанс жаратты.

Россиянын саясатындагы ардагерлер Владимир Жириновский жана Геннадий Зюгановдун президенттик шайлоого катышары салтка айланган.

Либералдык-демократиялык партиянын (ЛДПР) лидери Жириновский президенттик жарыштарга катышканы жагынан рекорд койгон. 1991-жылдагы РСФСР учурундагы шайлоону кошкондо бул алтынчы шайлоо өнөктүгүн өткөргөнү турат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!