Жылдын жылмайткан, ыйлаткан, ойлонткон фотолору

25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 14:19

Күтүүсүз кырсык, азалуу айыл, атадан калган жалгыз туяктар, бечарага кол сунуу, тагдыр сыноосу, дил агарткан окуя, өнүгүүнүн жолуна түшүү, ыктыярдуу түрдө тактыны ыйгаруу, боордоштордун тарыхый мекенине келиши... булардын баары бир кадр менен.

“ZAMAN.KG” маалымат агенттиги узап бараткан жыл ичинде өлкөбүздө жүз берген жакшы-жаман окуялардын олуттууларын сүрөт менен берүүгө аракет кылды.

Президенттин, өкмөттүн сүрөтчүлөрү Султан Досалиев, Сабыр Айылчиевдин, айрым министрлик, ведомстволордун маалымат кызматынын фотолору пайдаланылды.

Атадан калган туяктар...

Кыргызстан үчүн жыл башы эң оор, кайгылуу окуя менен коштолду. 16-январда Дача конушуна түркиялык жүк ташуучу учак кулап, 39 кишинин өмүрүн алды. Кырсык ата-энени перзентинен, уул-кызды ата-энесинен ажыратты. Кээ бир үй-бүлөлөр түгөлү менен жарыкчылык менен кош айтышты. Эки бүлөдөн жападан жалгыз калган Жакшылык менен Султан учурда чоң ата, чоң энелеринин караан туткан медери...


Азалуу апрель...

29-апрелде эрте менен Өзгөн районуна караштуу Аюу-Сай кыштагында жер көчкү бир канча үйдү жана 24 адамды басып калган. Бийиктиги 10 метр келген ылай аралаш топурактын арасында калган үйлөр менен андагы жашоочулардын орду түбөлүк мазарга айланды...

Балдар оорубасын...

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 1-июнь күнү онкология жана гематология боюнча улуттук борбордун балдар бөлүмүндө рак илдети менен жабыркаган балдардан кабар алган. Расмий маалымат боюнча борбордо 3 миң чамалуу бала дарыланып жатат.



Кадырлуу карылык

Ош шаарынын вице-мэри Замирбек Аскаров 1-октябрь - улгайгандар күнүнө карата шаардагы карыялардан кабар алган.

Кыргыздын бир жылдызы жалп өчтү

7-октябрь күнү ошол кездеги вице-премьер-министр Темир Жумакадыров Талас облусуна иш сапары менен бара жаткан учурда жол кырсыгына кабылып, өзү, айдоочусу жана жардамчысы мерт кеткен.


Жетимдин маңдайынан сылоо - парз

Өкмөт башчы Сапар Исаков Нарын облусуна жасаган иш-сапары учурунда социалдык колдоого муктаж болгон Нуриза Кичине батырованын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Нуриза Кичинебатырова жесир, 5 баланы жалгыз тарбиялайт.

Памирлик Алмазбек

Памирден көчүрүлүп келгенден Жаанбү Маматзайым кызы көз жарып, уулуна ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин урматына Алмазбек деген ысым ыйгарылды.

Тарыхый мекендин тузу буйруп...

Октябрь айында Улуу жана Кичи Памирден алты үй-бүлөдөн 33 киши тарыхый мекенине көчүрүлүп келинген. Алар Нарын облусунун Куланак айылына жайгаштырылды.

Электрондук порталдын ишке ашкан биринчи кадамы

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстанда биринчи жолу мамлекеттик электрондук портал аркылуу нике күбөлүгүн алган эки жашты куттуктады.

Ыктыярдуу бийликти өткөрүп берүү жөрөлгөсү

24-ноябрда өлкөнүн жаңы президенти Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземи өтту. Кыргызстанда ушуну менен бийликти ыктыярдуу түрдө тынчтык жолу менен өткөрүп берүү жөрөлгөсү үчүнчү жолу болду.

Атуулдук парз

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Ош облусуна жасаган иш сапары учурунда Кара-Суу районунун Эркин айылындагы үч эм балдарын жалгыз бой чоңойтуп жаткан Кызжибек Мариповадан кабар алды.

38 жаштагы Кызжибек Марипова үч эм балдарын дарылатуу үчүн коомчулуктан жардам сураганы тууралуу маалымат фейсбук тармагында сентябрь айында тараган. Асан, Үсөн жана Фатима деп аталган үч эмдерди апасы жети жылдан бери жалгыз чоңойтуп келет.





Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!