Кызгануу психологиясы же кызганыч эмнеден пайда болот?

Кызгануу психологиясы же кызганыч эмнеден пайда болот?
31-Март 2017, Жума

Кызгануу сезими - бул байыртадан бери эле жоголбой келе жаткан эмоционалдык абал болуп эсептелинет. Андыктан, буга байланыштуу адамдын өсүп- өнүгүүсүндөгү психологиялык механизм үчүн муктаждык жараткан сезим деген түшүнүк белгиленип келет. Себеби, кызгануу сезими менен адамдар өз ара мамилесин жоготпой улап кете турган мүмкүнчүлүккө ээ болушат.

Азыркы өнүккөн заманда никедеги түйгөйлөр башка адамдар менен болгон баарлашуу мамилесин жашырышпайт. Жумушуна же ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар тараптуу адамдар менен байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок, баары бир түгөйлөрдүн өз ара кызгануулары эч качан чегине жеткен эмес жана эч качан токтоп калбашы аштан бышык.

Кызгануу абдан татаал сезим. Анткени ага бир нече себептер бар. Маселен, сезимин ээлеп алуу, жоготуп алуу коркунучу, ызалануу, басынуу, ишенбөөчүлүк сезимдеринен улам кызгануу жаралат. Ар дайым ашкере кызгануу – бул чоң көйгөйдүн белгиси. Өзү үчүн да, түгөйү үчүн да бирдей коркунучтуу. Буга байланыштуу окумуштуулар кызганчаактыктын бир нече түрүнө токтолушкан.

1- Жеке кызганыч

Анын девизи: "Баардык нерсе ээсине гана тийешелүү болушу керек!". Мындай кызгануу түгөйүнүн сезими мокоп, муздап калганын байкаганда, башканы жактырып калганын сезгенде пайда болот. Анын мындай учурда бир эле максаты болот. Кандай жол менен болсо да кайра өзүнө багынтуу керек. Ал эч качан түгөйүнүн каалоосу жана пикири менен эсептешпейт.

2- Кемсинүүдөн кийинки кызганыч

Өзүнө көп ишенбеген, басынган, коркунучту ашкере катуу кабыл алгандар ушундай кызганууга дуушар болушат. Маселен, үйлөнгөндөн кийин кантип идеалдуу жубай же жолдош болуу үчүн жасаган аракетинен майнап чыкпай калышынан коркушат. Андыктан өздөрүн бир нерседен кем калгандай сезип,өзүн- өзү кемсинтип карайт. Мындан улам кызгануу пайда болот.

3. Шекчил кызганыч

Мындай кызгануу башка досторунун түгөйлөрүнө жасаган мамилесин көргөндөн кийин өзүнүн түгөйүнөн шек санап кызгана баштайт.

Айымдар менен мырзалардын кызгануусу бири- биринен айырмаланып турат.

Маселен, мырзалар жубайларын баардык нерсе үчүн жана баардыгынан кызгана беришет. Жоро- жолдошторунан, көчөдөн жубайын карап калган башка мырзалардан, жада калса туугандарынан деле кызгана беришет.

Ал эми айымдар болсо, өзүнүн көзүнчө башка айым менен кызыктуу баарлашууну көргөндө кызгануу сезими ойгоно баштайт. Бирок, айымдар мырзаларга караганда сабырдуу келет. Андыктан кээде жылдар боюу ал сезимин айтпай өзүнө сактап жүрө берет. Мырзалар болсо, дароо эле чыр- чатак чыгарышат. Буга байланыштуу айымдар көбүрөөк кызганат деген түшүнүк чындыкка бир аз жакындабай калат. Муну чыныгы жашоо- турмушта деле көрүүгө болот. Маселен, өзүн башкага алмаштырган жолдошун айымдар кечире алышат.

Ашкере кызгануунун терс жактары

1- Чеги жок кызгануулардын натыйжасында үйдө чыр- чатак көп болуп, аягы ажырашуу менен бүтүшү толук ыктымал.

2- Шектүү кызгануунун натыйжасында түгөйүн чындап эле туура эмес иш жасоого түрткү берип коюшу мүмкүн. Маселен, өчөшүп.....

3- Ашкере кызануудан улам мээнин иштеши бузулуп, анын айынан ар кандай ооруларга кабылуу коркунучу да жок эмес. Депрессия, стресс илдеттерине да чалдыгууга болот.

4- Балдардын психикасына да доо кетет. Ата- энесинин чыр- чатагына күн сайын күбө болгон баланын аң- сезимине терс таасирлер тийе баштайт.

Кызгануунун пайдасы да бар

Кызгануунун пайдасы качан гана түгөйлөрдү чыр- чатакка эмес жакындашууга алып келгенде гана тийет.

Туура кызгануудан урушуулар эмес сезимдердин ойгонушу, мамиленин чыңдалышы пайда болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!