Кыздарга беш кеңеш

Кыздарга беш кеңеш
24-Июль 2017, Дүйшөмбү

Бүгүнкү кыз –эртеңки асыл жар, мээман эне, ардактуу келин. Кыз бала атасына жылдыз, апасына күн делет. Кыз – улуттун уяты. Ошондуктан баардык кыздар төмөнкү кеңештерге кулак түрө жургөнү жөн:

✅ 1. Капаланбаңыз. Кандай гана кыйынчылык кездешпесин баардыгы убакыт өтүп чечилет. Алар "каалаган окууга өтпөй калуу", "жумушка кире албоо" сыяктуу маселелер болуусу мүмкүн. Буюрган нерсе кетпейт. Бардык нерсе Жараткандын каалоосу менен орундаларын эстен чыгарбаңыз.

✅ 2. Жөнөкөй болуңуз. Жөнөкөйлүк – кыздын эң жакшы касиети. Жан дүйнөңүз да, сырткы келбетиңиз да жөнөкөй болсун.

✅ 3. Билимге умтулуңуз. Билимге куштар болуңуз. Билим – сиздин жан дүйнөңүздү кеңейтип, акылыңызды арттырат.

✅ 4. Жакшы достор. Сизди туура эмес иштерге түртүп, жаман жолго алып барган достордон алыс болуңуз.

✅ 5. Эмгекчил болуңуз. Жалкоолук – адамдын жоосу. Ийгиликке адал төгүлгөн маңдай тер менен эмгектин аркасында гана жетесиз. Кандай гана иш болбосун, чыдамкай болуңуз. Ар бир нерседен жалаң гана жакшы жагын алыңыз, жаман жагы сизге сабак болсун. Ар дайым "бул нерсе мени өстүрөбү, өчүрөбү, канткенде айланадагыларга пайдам тиет экен?",-деген суроого жооп издеп жүрүңүз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!