Эгер сиз ойгонооруңуз менен…

Эгер сиз ойгонооруңуз менен…
9-Авг. 2017, Шаршемби

Адам уйкудан ойгонгондо дайыма жасай турган көнүмүш бир адаты болот экен. Биздин жеке жашообуздагы кылык-жоругубуздун, мүнөзүбүздүн айрым жактары ошол адатка байланыштуубу, жокпу байкап көрөлү.

Сааттын коңгуроосун токтотуп, көңүлүңүздү ошого бурсаңыз:

Анда мээримдүү үй бүлөнүн эрке кызысыз. Сиз жашоодогу жакшы мүмкүнчүлүктөрдүн болуп турушун сүйөсүз. Анча деле жалкоо эмессиз. Фантазияга байсыз. Бирок күч-кубатыңыз чектелүү.Турмушта чечкиндүү эмессиз, өтүмүңүз да жок. Жаңы идея көтөрүп чыга албайсыз.

Спорт көнүгүүлөрүн жасасаңыз:

Сиз тыкан, шайдоот, бирок, көп сүйлөбөгөн тынч жансыз. Бүгүнкү башталчу күн эс алуубу же жумуш күнүбү сиз үчүн айырмасы жок. Анткени сиздин психологияңыз жана организмиңиз баарына даяр. Сымбатыңызга дайыма кам көрөсүз. Ал тургай жигиттердей болуп кармаган жерден кан чыгарчу күчкө ээ болууга да тымызын даярданасыз. Эркектер сиздин келбетиңизге суктанат. Жашоодо, ашканада мырзалардын тилегениндей айым деп баа беришет.

Күзгүгө карансаңыз:

Сиз өзүңүзгө көп ишене албайсыз. Өзүңүздү өтө көп сындайсыз. Ар бир ирмемге маани бергениңиз чоң ийгиликтерге жетүүңүзгө тоскоол болуп келет. Жасаган жумушуңузга, иштеген кызматыңызга эң эле жоопкерчиликтүү мамиле жасайсыз. Өзүңүз суз, көңүлсүз жүрөсүз. Көңүлдү кытыгылап күлбөгөн, назданып, кылыктанбаган аялга мырзалар көп убакытка кармалбайт. Бир аз ойсокеленип туруңуз.

Кимдир-бирөөгө телефон чалсаңыз:

Сиздин уюштуруучулук жөндөмүңүз абдан күчтүү өнүккөн. Эч качан бош убактыңыз болбойт. Өзгөлөргө убактыңызды араң бөлөсүз. Жумушуңуздун ушунчалык көптүгүнөн түшүңүзгө да бүтпөгөн иштериңиз кирип чыгат. Сиз бардык илимдерге жана маалыматтарга кызыгасыз. Өмүрүн жалаң кызматка же чыгармачылыкка сайып койгон аялзатына эркектер жолобосун эсиңизге түйүп алыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!