Балдардын укугу окуучулардын көзү менен (фото)

18-Май 2017, Бейшемби

Өлкөдө миграциянын айынан ата-энелер балдарын жакын туугандарына таштагандыктан, алар жакындары тарабынан зомбулукка дуушар болуп, укуктура корголбой көз жаздымда калган көрүнүштөр көп. Мына ушул сыяктуу маселелерди окуучулар көчмө театры аркылуу элги көрсөтүп беришти.


Чүй обулусундагы Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүндөгү Дөң-Арык айылындагы Калча атындагы орто мектепте окуучулар арасында “Укугуңду бил, корго, колдон” деген аталыштагы мектептер арасында көчмө театрынын сынагы уюштурулду.

Сынак Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) тарабынан уюштурулуп, мында окуучулар кыргыз коомчулугунда орун алып жаткан миграция, жумушсуздук, балдардын укугу, майып балдардын жашоосу, адам укугу деген аталыштагы темада сахналаштырышып, көрүүчүлөргө тартуулашты.

Калча атындагы иновоциялык мектептин директору Жумагүл Алыбаеванын айтымында, бул иш-чарага чейин мектептин ичинде сынак өтүп, анда 5 сценарий тандалып алынган. Аларды жакынкы күндөрү жергиликтүү тургундарга көчөмө-көчө көргөзүлмөкчү.


- БУУнун өнүктүрүү программасынын сот мүмкүнчүлгүн кеңейтүү долбоорунун алкагында укук маселелерин, аны пайдалануунун жолдорун айыл жериндеги адамдарга жөнөкөй тил менен жеткирүүнү максат кылганбыз. Себеби, биз беренелерди шакылдатып айта берген менен аны кайсы жерден колдонуу керек экендигин жарандарга жеткирүү кыйын болот экен. Ошондуктан, көчө театры уюштурулду. Ага чейин мектептин ичинде адам укукугуна байланыштуу сценарий боюнча сынак болуп, анын ичинен 5 сценарийди тандап алганбыз. Анда айыл жеринде адамдардын укуктары корголбой жатканы камтылган. Эми ушул сынакка катышкан окуучулардын өнөрүн айыл тургундарына көрсөтмөкчүбүз. Себеи ата-энелери өздөрүнүн укуктарын, балдардын укуктарын кайсыл жерде колдонуу керектигин билиши керек. Мүмкүн болушунча муну көчөмө-көчө көрсөтөлү деген пландар бар.

Көчө театрында көйгөлөр сахналаштырылды

Чүйдөгү Кемин районуна караштуу Кызыл Октябрь айыл өкмөтүндө БУУӨП юристи Тынтчыкбек Жусупбеков аталган иш-чара тууралуу буларга токтолду.

- БУУнун адам укуктарын элге көчө театры аркылуу жеткирүү демилгеси бир жыл мурда пилоттук түрдө Ош обулусуна караштуу Ноокат районунун эки айылында ишке аша баштаган. Мында окуучулар адам укуктарын коргоо боюнча көчмө театрында ата-эне менен баланын ортосундагы байланыш, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин турмушу, жаштардын укуктары, балдардын укуктарынын бузулушу сыяктуу маселерди козгоп сахналаштырып элге көргөзүп беришкен. Ушундай эле иш-чараны Чүй обулусунун Бурана жана Кызыл Октябрь айыл өкмөтүндөгү айылдарында мектептерге өткөрдүк. Анткени “миң уккандан бир көргөн артык” дегендей балдарга оозеке айтууга караганда театр аркылуу жеткирүү алда канча натыйжалуу экен.

Балдар өз укуктары менен кабардар болууда

Көчө театры долбоорунун укуктук эксперти Карыбек Жигитеков мындай иш-чаранын бардык мектептерге көрсөтүү боюнча сунуштар айтылып жатканын кошумчалады.

- Мындан бир жыл мурун Ноокаттын Кулатов жана Кеңеш айыл өкмөтүндө көчө театрынын иши башталган. Ал иш-чарага Чүй аймагындагы эки айыл өкмөт башчыларында иштеген кызматкерлер катышкан. Быйыл Чүй облусунун эки айыл өкмөтүндө көрсөттүк. Биз көчө театрын сыноо иретинде уюштуруп жатабыз. Мындан ары эл чогулган жерлерде өткөрсөкпу деп турабыз. Башка мектептерге дагы ушундай иш-чараны уюштуруу боюнча Райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан сунуштар түшүүдө. Биз аны байкаштырмакчыбыз. Негизи бул абдан жакшы жыйынтык берет экен. Себеби, бул жерде балдар өздөрүнүн гана укугу тууралуу кабардар болот. Балдар эле эмес, алардын ата-энелери дагы өз укуктарын балдар аркылуу билип жатат.

Бурана айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн “Укугуңду бил, корго, колдон” көчө театрынын сынагына Калча жана Асан Жансеитов атындагы орто мекептин окуучулары 8 сценарийини сахналаштырды.

Окуучулар образга берилип, айрым окуучулар ыйлап да жиберишти.

Анын ичинин мыкты номерлерди калыстар тобу иргеп чыгып, 1-2-3-орунду алган окуучуларга баалуу белектер, дипломдор тапшырылды. Ошондой эле 3 таланттуу окуучуларга мобилдик телефондор берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!