Жаш ойлоп табуучулардын көргөзмөсү болот

29-Май 2017, Дүйшөмбү

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) 30-майда саат 10:00-16:00гө чейин Республикалык балдар инженердик-техникалык академиясында (Бишкек шаары, Манас проспектиси, 1) балдар жана жаштардын республикалык техникалык-чыгармачылык көргөзмөсүн өткөрөт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Көргөзмөнүн максаты – Кыргызстандагы жаштарды инновациялык изденүүлөргө, келечектеги мыкты долбоорлорду иштеп чыгууга багыттоо, жаш техниктердин чыгармачылыгын колдоо жана өбөлгөлөө.

Көргөзмөгө жаш техниктердин эмгектери, долбоорлору, макет-экспонаттары коюлуп, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Кыргызпатенттин Ардак грамоталары жана атайын сыйлыктары ыйгарылат.

Көргөзмөгө өлкөбүздүн бардык областтарынан келген балдар чыгармачылык борборлорунун ийрим мүчөлөрү, жаш техник окуучулар, алардын жетекчилери, белгилүү окумуштуу-ойлоп табуучулар, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана ошондой эле Кыргызпатенттин алдындагы ИМ мамфондунун кызматкерлери ж.б. катышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!