​Сооронбай Жээнбеков мыйзамга кол койду

12-Март 2018, Дүйшөмбү, 11:01

Президент Сооронбай Жээнбеков 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, протокол Тараптардын маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштуу иштерге каршы аракеттенүү боюнча кызматташуу тартибин жана алардын маалыматтык мейкиндигин деструктивдүү таасирлерден жана Тараптардын улуттук мыйзамдарында тыюу салынган максаттарда Интернет тармагындагы улуттук сегменттерди пайдаланууга каршы аракеттерден коргоо кызыкчылыгындагы кызматташтыгына багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 25-январда бекитилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!