Газ убактылуу берилбейт

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 12:19

Кыргызстандын айрым шаарларында бүгүн, 18-декабрдан баштап 22-декабрга чейин жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу болууда. Ага ылайык, төмөнкү даректе газ берилбейт.

- 18-19-декабрда Токмок шаарынын Шоссейная (№34-40) көчөсүндө;
- 18-19-декабрь Кант шаарынын Ленин, Кутузов, Гряодубов, Восточная, Г. Алиев, К. Маркс көчөлөрүндө, «Шенси» жана «Килам» кафелеринде;
- 18-20-декабрда Бишкек шаарынын Элебаев, Толстой, Кулатов, Байтик Баатыр көчөлөрүндө;
- 19-20-декабрда Токмок шаарынын Дубовицкая (№2-6) көчөсүндө;
- 21-22-декабрда Токмок шаарынын Совет (№187), Шоссейная (№1-26) көчөлөрүндө, «Айыл-Банк» ААКта, Тайвань фондунда газ берилбет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!