​Пеле дүйнө чемпионатына катышпайт

​Пеле дүйнө чемпионатына катышпайт
12-Апр. 2018, Бейшемби, 01:16

Дүйнө футболунун жылдызы, Бразилия футбол курама командасы менен дүйнөнүн үч жолку чемпиону болгон Пеле Орусияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышпайт. Бул тууралуу «Спорт-Экспресс» сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, футбол падышасы ден соолугуна байланыштуу 14-июндан 15-июлга чейинки Орусияда өтө турган футбол чемпионатына катыша албайт. 77 жашындагы атактуу футболчу акыркы учурларда бөйрөгү ооруп, операция болгон.

Пеле – Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) версиясы боюнча ХХ кылымдын эң мыкты футболчусу. Ал эми 1999-жылы Эл аралык олимпиада комитети (МОК) бразилиялык оюнчуну кылымдын спортчусу деп атаган.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Россияда өтөт. Футболчулар Россиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!