Футбол талаасына тапанчасы менен чыкты (видео)

Футбол талаасына тапанчасы менен чыкты (видео)
13-Март 2018, Шейшемби, 11:05

Орусиялык ишкер жана “ПАОК” футбол клубунун ээси Иван Саввиди Греция футбол чемпионатында эл алдына тапанчасы менен чыкты. «Спорт-Экспресс» булагынын маалыматына караганда “ПАОК” - “АЕК” менен болгон футболдук беттешүүдө калыстар “ПАОК” командасынын голун эсептебей койгондо, футбол клубунун ээси Иван Саввиди ортого тапанчасы менен чыгып “Сен өлдүң” деп кыйкырган. Оюндун ортосунда калыстар эсепти 0:0 деп жарыялап, “ПАОК” командасынын голун офсайд болгондугу үчүн эсептеген эмес.

Буга каршы чыккан футбол талаасынын ээлери оюнду дароо токтотуп, оюнчулар ортосунда мушташ башталган. Бул ызы-чууга “ПАОК” футбол клубунун ээси Иван Саввиди дагы кошулуп, тапанчасы менен чуркаган. Иван Саввиди“АЕК” командасынын жетекчиси Василису Димитриадисуге колунда тапанчасы менен “Сен өлдүң” деп коркундагы байкалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!