Балды дарыланууда колдонуу
Балды, өзгөчө боор жана өтү ооруган адамдар көбүрөөк пайдаланышат. Аны белгилүү бир өлчөмдө быштакка (творог), сабизге, лимон ширесине кошуп жеген оң. Кээде труптун (редька) ичин чукуп, тазалап алып ага балды толтуруп, үч-төрт сааттан кийин даяр болгон ширени өтү ооруган чоң кишилер аш кашык менен, ал эми балдарга чай кашык менен күнүнө 2 – 3 жолу берүү керек. Мындай ыкма өт менен бөйрөктө кум жана таштын жыйналуусунан сактайт. Ошондой эле бир стакан бир аз жылытылган минерал сууга бир аш кашык бал кошуп, аны ач карын ичип, бир жарым, же эки сааттай кырынан жатып, боорго өтө ысык эмес грелка баскан жөн. Ошондо боордо жыйналып калган өттүн ашказанга карай агып өтүп, боордун жеңилдешине таасир берет.
Балга сүргүчтөн өткөрүлгөн майда сабизден кошуп, банкага салып бир аз убакыт койсо, ал ээрип, сабиздин ширесине кошулуп варенье сыяктуу таттуу тамак болот. Аны өзгөчө, боору, өтү ооругандар дары катары пайдаланса, дарылык касиети күчтүү. Бал кошулган сабиздин курамында каротин деп аталган витаминдүү зат жакшы сакталат. Балды лимонго кошуп сактаса, бөйрөгү, боору, өтү ооругандарга өтө пайдалуу.
Пияз
Үстүнө шекер сээп бууга бышырылган пияз боор менен өт ооруларына дары болот. Пияздын үрөнүн сууга кайнатып ичсеңиз, бөйрөк ооруларына даба. Ушул кайнатманы 1/1 өлчөмдө бышкан сүткө аралаштырып ичсеңиз, көздүн көрүүсү жакшырат.
Жалбыз
Жалбыз өт бөлүнүүнүн бузулушунда, өттүн жана өт жолунун сезгенүүсүндө, ошону менен катар өттөгү таш оорулары менен сарык оорусунда, шишип кеткенде, ашказан оорусунда, тамак сиңирүү жана нерв системасындагы бузулуштарда, уйкусуздукта, башта шакый кармаганда, невралгияда, нерв тырышканда жана этек кирдин келүүсү бузулганда колдонулат.
Аны кошумча салаттарда, кондитер азыктарында, суусундуктарда, арактар менен ликерлордо, ошону менен катар курулган этти даярдоодо жыпар жыттуу кылуучу уксузда колдонулат. Улуу Британияда жалбызды соусун көптөгөн улуттук тамак-аштарда кошуп келишет.