Омуртканын грыжасы

15-Сен. 2017, Жума, 10:15

Бул оорунун биринчи себеби, бөйрөккө суук тийгенден. Суук тийип, өнөкөт дартка чалдыккан бөйрөк аз-аздан организмдеги сөөктүн негизин түзгөн туздарды, кальций, магний, цинк, ж.б.минералдык заттарды чыпкалап кармап калалбай, акырындап заара менен кошо чыгара берет. Натыйжада, сөөккө минералдык заттардын курамы жетишпей, кургай берет.

Экинчи себеби, калкан безге йоддун жетишсиздиги. Йод жетишпегенде калкан бези организмдеги минералдык заттардын алмашуусун тескей албай, ар бирин жай жайына кое албай калат. Калкан бездин негизги кызматтарынын бири — минералдык заттардын алмашуусун жөнгө салуу.

Үчүнчү себеби, өттүн коюуланып, жакшы чыкпай, ичегилердеги иштетилген азык заттарды кондициясына жеткире иштете албай калгандыгы. Өт чыкпаса, ичегилер жыйрылып, талаптагыдай иштей албай, адамдар жеген эт-сүт азыктарындагы, жашылча жемиштеги кальций, магний деген туздарды жакшы сиңире албай, сыртка чыгарып жиберет.

Төртүнчү себеби, боордун кызматы бузулуп, муундарды майлоочу, сөөктөрдү бири-бирине байланыштырып турган тарамыштарды, кемирчектерди, серпилгич кылуучу суюктуктарды, манжалардагы, тамандагы майда булчуң эттерди ийилгич кылуучу заттарды жакшы иштеп чыга албай калышы. Тизенин бүгүлбөй ооруксунушу, сөөктөрдүн кыртылдаганы, омуртканын ордунан жылып кетиши, омурткада ыйлаакчанын пайда болушу, омурткада туздун жыйылышы (остеохондроз) - боордун кызматы бузулганынын дагы бир далили. Омуртканын ыйлаакчасын дарылаганда ушул факторлордун бардыгын эске алып, комплекстүү дарылануу абзел. Жылган омуртканы калыбына келтирип коюу менен иш бүтпөйт. Бөйрөктүн, калкан бездин, боордун, ичегилердин ишин жөндөп, тамакты витаминдүү жеп, сезгенүүнү кайтаруучу терапияны кабыл алганда, сууда омуртканы чоюу, турникке тартылуу, дарылоочу гимнастикалар, алтын ийне жардам берет. Жогоруда айтылгандарды бүт аткаруу үчүн адам ойлорун, жашоо образын, ичкен тамагын (диета) бүт өзгөртүшү зарыл. Дартка чалдыккан адамдын талбаган иш-аракети, эмгеги гана бул дарттан куткарат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!