Ашыкча салмак зыяндуу шишикти пайда кылат

5-Окт. 2017, Бейшемби, 12:23

АКШлык окумуштуулар залалдуу шишик дартынын 40 пайызы ашыкча салмактын кесепетинен келип чыгып жатканын маалымдашты. Ошондуктан дени сак жашоо учун ашык салмактан арылуу керек. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

АКШда окумуштуулар атайын изилдөө жүргүзүшкөн. Сурамжылоого 630 миң америкалык бейтап катышкан. Алардын арасында ашыкча салмак менен боор, бөйрөк, өт жана калкан безге тийиштүү дарттын 13 түрүнүн байланышы бар экенин аныкташкан. Булар рак дартын 40 пайызын түзөт.

Шишик дартынын ашыкча салмакка байланыштуу келип чыгышы 2005-2017-жылдар аралыгында 7 эсеге өскөн. Рак илдетинин көзөмөлдөө жана дарылоо бөлүмүнүн башчысы Лиза Ричардсондун айтымында, ашык салмактан арылган сайын рак илдетин айыгууга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!