Сасык тумоого каршы күрөшүү жолдору

24-Окт. 2017, Шейшемби, 15:28

Эртең менен пробиотикалык жардамчы мультивитаминдерден ичүүгө аракет кылыңыз. Бул мультивитаминдер тамак-аш сиңирүү системасын бекемдейт жана иммунитетти көтөрөт.

Кышында мүмкүн болушунча өндүрүлгөн тамак-аштардан жана өзгөчө шекерден алыс болууга аракет кылыңыз. Кофени шекер менен ичкендин ордуна аны бадам сүтү менен демдеп ичиңиз. Түшкү жана кечки тамактарда кара-жашыл жалбырактуу жемиштерди көп жеп, десерттин ордуна мөмө-жемиш пайдалуу болоорун эске сактаңыз.

Кыштын суук күндөрүндө ичиңизди жылытуучу пайдалуу шорполорду ичкениңиз жөн. Өзгөчө кайнаган эт шорпосу, витамин жана минералдарга организмди байытат.

Спортту жашообуздун маанилүү адатарынын бири кылуубуз керек. Спорт менен машыгуу иммундук системаны күчтөндурөт. Ошону менен катар, ар дайым жасалган йога, жүрөктун согушун ордуна келтирет.

Күнү бою колубуздан түшүрбөгөн бир гана нерсе бул - телефон. Бирок бул телефондогу бактериялар ден-соолук үчүн кооптуу болуп саналат. Бул көйгөй менен курөшүү үчүн телефонуңузду ар дайым таза кармап, салфетка менен сүртүп туруңуз.

Жемиштерден сыгылган ширелерди ичип туруңуз. Даярдаган ширелердин курамындагы витаминдер сизди кышы бою оору сыркоодон сактоого жардамчы болот.

Кыш айларында өзгөчө куркума, сарымсак татымалдарды көп колдонуу керек. Орегано грибокко каршы күчтүү антиоксидант, иммундук системаны колдоо үчүн пайдалуу. Куркуманын антибактериалдык жана сезгенүүгө каршы компоненти бар. Сарымсактын пайдасы тууралуу баарыбызга маалым. Кыш мезгилинде, айрыкча, тамак-ашка кошулган бул татымалдар оору менен күрөшүү үчүн чоң жардам берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!