Дененин өндүрүш фабрикасы – боор

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 15:20

Боор – биздин организмдин фильтри жана фабрикасы. Ал жеген тамак-аштарды дене тарабынан пайдалуу түргө өтүшүн камсыз кылат. Боордун негизги кызматтары – өттү иштеп чыгаруу, канды чыпкалап тазалоо. Канды суткасына 400 иреттей тазалоодон өткөрөт. Кан менен кошо андагы зыяндуу заттардын баарын (уу, бактерия, вирус, нитрат жана башка) өзү аркылуу өткөрүп, аларды зыянсыздандырат.

Боордун бир гана клеткасында 500дөй түрдүү химиялык амал ишке ашат. Боор клеткасы желген азыктардын баардыгын клеткаларыбыз колдоно ала тургандай шекер, тагыраагы глюкозага айлантат. Пайдаланылбаган шекерди майга айлантып сактайт. Шекер жок болгонда протеиндерди жана майларды шекерге айлантып клеткаларга жиберет.
Денедеги баардык кандын 800-900 грамы ар бир мүнөттө, 1,5-2 килограммдык эт массасы болгон боор тарабынан сиңирилип турат. Боор адам денесиндеги өзүн-өзү жаңылап турууга жөндөмдүү жалгыз орган. Боордун 70 пайызы алынса да 1-2 жума ичинде кайрадан калыбына келип милдетин аткара берет.

Бордун акарган милдеттери төмөнкүлөр:

Май, протеин жана шекер метаболизмин иреттеп жана бул үчүн керектүү элементтерди жыйнайт.
Ички жана сырткы калдыктарды тазалайт.
Боордон өткөн канды фильтирлейт.
Вакцина протеиндерин өндүрөт.
Дене температурасын иретейт.
Гормондорго таасиррин тийгизет.
Кандагы шекер өлчөмүн бир калыпта кармайт.
Күнүнө 1 литрге жакын өттү иштеп чыгарат.
Дарылардын метаболизмин жөнгө салат.
Денеге керектүү суу жана витаминдерди өндүрөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!